БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. ЖККУга мүчө өлкөлөр милдеттенмелерин аткарарынан шек жок. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин уюмдун Астана шаарында өткөн саммитинин жыйынтыгы менен журналисттердин суроолоруна жооп берип билдирди.
Ал Россиянын аймагына алыскы аралыкка атылуучу ракеталар менен сокку урулганына байланыштуу ЖККУга кайрылуу боюнча суроого жооп кылган.
"Чынында ЖККУга мүчө өлкөгө агрессия жасалса көмөк көрсөтүү боюнча жобо аткарылары эч кимдин күмөнүн жаратпайт. ЖККУга мүчө өлкөлөр өзүнө алган милдеттенмелерди аткарууга даяр. Бирок болуп жаткан окуяларга реалдуу карасак... Уюмга мүчө өлкөлөр Россияга жардам кылуу үчүн ошол эле америкалык ATACMS куралына каршы эмне кыла алышат? Зарылдык жаралса ошол учурда дагы биз көмөк көрсөтө алабыз. Ал үчүн ресурстар жетиштүү", — деди РФ президенти.
Ошондой эле ал Армениянын ЖККУнун жыйынына катышпаганы боюнча комментарий берип, Карабакта болгон окуяларга ЖККУнун эч кандай тиешеси жок экенин белгиледи.
Ал Армения уюмдан чыкпаганын жана мүчөлүгүн убактылуу гана токтотконун кошумчалады. РФ лидери белгилегендей, Ереван уюмда кабыл алынган документтерди колдоп жатат.