БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Батыш Украинанын согуштук жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү үчүн өлкөгө саны 100 миңге чукул "тынчтык орнотуучу контингентти" киргизүүнү пландап жатат. Бул туурасында РИА Новости Россиянын Тышкы чалгын кызматына таянып кабарлады.
"Батыш койгон максаттарын аткаруу үчүн Украинаны, мындайча айтканда, басып алууга туура келет. Албетте, бул нерсе өлкөнүн аймагына "тынчтык орнотуучуларды" алып киребиз деген шылтоо менен жасалмакчы. Баш-аягы Украинага мындай 100 миң кишини киргизүү пландалып жатат", — деп айтылган маалыматта.
Чалгын кызматынын билдиргенине караганда, республиканы баскынчылар арасында төрткө бөлүп кетүү каралууда. Кара деңиздин бою Румынияга, Украинанын батышы — Польшага, борбору менен чыгышы — Германияга, түндүк облустары Улуу Британияга кетет деген божомол бар.