Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Россиянын соккуларынан кийин Украинада сүйлөшүүлөрдүн зарылдыгы айтыла баштады

Sputnik
БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Россия Куралдуу күчтөрүнүн энергетикалык инфраструктурага жасаган соккулары украиналыктардын чыдамын түгөтүп, бийликтен тирешүүнү токтотууну талап кылууга мажбурлашы мүмкүн. Мындай баасын Украинанын "Общественное" телеканалы бергенин РИА Новости жазды.
"Ансыз деле элдин маанайы жакшы эмес. Кыш кирип келгенде электр кубатынын жок калышы тиешелүү натыйжаны (согуш отун токтотуу) тездетиши мүмкүн", — деген саясат таануучу Петр Олещук.
Телеканалдын маалыматы боюнча, Украинанын энергетикасындагы абал 17-ноябрдагы массалык аткылоодон кийин начарлап кеткен. Ал күнү "Энергоатомдун" төрт подстанциясы жана Кременчуг ГЭСи, 26-ноябрга караган түнү соккудан Тернополь облусундагы энергетикалык инфраструктура жабыркаган.
Украиналык эксперттер электр кубатынын болор-болбосу жаңы россиялык соккулардан, температурадан, аба ырайынын шартынан жана эскирген инфраструктуранын канчага жетеринен көз каранды экенин айтышты. Бул факторлорду билген күндө да эртеңки күн кандай болорун болжолдоо кыйын экени белгиленди.
"Эртең эле жаңы сокку жасалышы мүмкүн, ал абалды түп-тамырынан өзгөртүп жибериши ыктымал", — деген Expro Electricity консалтинг компаниясынын аналитиги Дария Орлова.
Россиялык аскерлер Украина Куралдуу күчтөрүнүн өздүк курамы, техникасы жайгашкан жерлерге жана инфраструктурага сокку урууда. РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков бутага турак үйлөр жана социалдык объектилер алынбай турганын белгилеген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
CNN: Трампка кеңешчи боло турган Уолц Украина чырын токтотуу сунуштарын кароодо