Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украина Куралдуу күчтөрүнүн кыйрай турганын ачыктаган 5 белги

Sputnik
БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Украин фронту кыйроо алдында турат, мунун беш себеби бар. Польшанын Onet порталынын журналисти Мартин Вывалдын Донбасска барып келгенден кийин бөлүшкөн пикирин РИА Новости жарыялады.
Биринчи себеп катары кабарчы Украина Куралдуу күчтөрүндөгү өздүк курамдын жетишсиздигин жана мобилизациядагы көйгөйлөрдү атаган. Атайын борборлордун түзүлүшү буга жардам бере алган эмес: коррупция жана аскердик тармактагы башаламандыктан улам украин армиясы аскердик кызмат өтөөчүлөрүн жоготууда.
Экинчиден, техника менен ок-дарынын жетишсиздиги. Автордун айтымында, курал-жарак жаатындагы кризис 2023-жылдын күз айларында, максатына жетпей калган контрчабуулдан соң АКШ Киевге жардамын токтотуп койгондон кийин башталган. Ошондон бери украин армиясы техника менен ок-дарыга муктаж болуп келет.
Акыркы убакта Россиянын Куралдуу күчтөрү өлкөнүн чыгышы менен түштүгүнө басым жасап, фронттун линиясын "чоюуга" аракет көрүп келет. Бул Украина үчүн кошумча көйгөй болду. Вывал кагылышуу жүрүп жаткан аймактардын көбөйүшү украин фронтун жок кылуучу үчүнчү себеп деп эсептейт. Кабарчы Курск облусуна жасалган чабуул башка аймактарда турган россиялык күчтөрдү тартып келүүнү көздөгөн башкы максатына жетпей калганын белгилеген.
Россиялык аскерлер акыркы мезгилде "бетме-бет" согушуудан калктуу конуштарды курчап, жолдорду бөгөттөө тактикасына өткөн. Мында камикадзе-дрондор кеңири пайдаланылууда. Россиялык армия жоготууларын азайтып, натыйжалуу аракеттерди көрө алган. Бул — Украина Куралдуу күчтөрүнүн алын кетирген төртүнчү себеп.
Украина армиясынын коргонуучу түзүлүштөрүн россиялык армиянын ээлеп алышы "эң маанилүү" бешинчи себеп экени айтылды. Киев инженердик бөлүктөргө муктаж болуп турганы, бул аймакты колдон чыгарбай кармап туруусуна терс таасир тийгизери белгиленген.
Эскерте кетсек, Россия Куралдуу күчтөрү Донбасста алдыга жылып келе жатат. Октябрдын соңунан ноябрдын башына чейин "Центр" тобунун бөлүктөрү тарабынан Селидово, Горняк, Цукурино, Леонидовка жана Донецкинин Измайловка конуштары бошотулду. Өткөн жумада Кременная Балка жана Волченка айылдарын көзөмөлгө алышкан. Ал эми үстүбүздөгү аптада россиялык аскерлер Степановка, Вознесенка жана Ровнополь конуштарын бошотушту.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россиянын соккуларынан кийин Украинада сүйлөшүүлөрдүн зарылдыгы айтыла баштады