Москвада Мамлекеттик ипотекалык компаниянын өкүлчүлүгү ачылды

Sputnik
БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Россиянын Москва шаарына Мамлекеттик ипотекалык компаниянын өкүлчүлүгү ачылды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.
Ага ылайык, иш күндөрү саат 11:00-18:00дө ВДНХдагы Кыргызстандын павильонунда компаниянын өкүлү мекендештерди кабыл алып, кеп-кеңеш берип иштей баштады.
"Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, ушул жылдын 15-апрелинде "үлүштүк курулуш" механизми иштеп баштаган. Ал чет өлкөлөрдө эмгектенип жүргөн мигранттарга да мамлекеттик ипотека аркылуу үй алууга мүмкүнчүлүк берет", — деп жазылган маалыматта.
Учурда өлкө боюнча 40 миңден ашуун батир курулуп жатканы кошумчаланды.
Туманбаев: кыргызстандык курулушчулардын көбү объектини өз учурунда бүтүрбөйт