Радио

Сыргатаев: сом менен акча которууларга эми комиссия алынбайт

Улуттук банктын төлөм системалары методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын башкы адиси Адилет Сыргатаев мобилдик банкинг аркылуу акча которууда комиссияны алып салган бир жылдык акция тууралуу айтты.
Sputnik
2025-жылдын 31-декабрына чейин күчүндө боло турган бир жылдык акциянын максаты — элди санариптик төлөмгө өткөрүү. Бул тууралуу Адилет Сыргатаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган токтом улуттук валютада жүргүзүлгөн төлөмдөргө гана жарактуу.
"Банктык кызматтарды санариптештирүүнүн алкагында санарип төлөм кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана накталай эмес төлөмдөрдү көбөйтүү максатында Улуттук банк кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу чаралары боюнча токтом кабыл алган. Бүгүнкү күндө жарандарыбыз банктык кызматтарды үйдөн чыкпай туруп алса болот. Бул кызматтар аркылуу комиссия алынчу. Ал калктын айрым катмарына оорчулук келтирип, накталай эмес төлөмдөргө өтүүгө бир аз тоскоолдук жаралууда. Санариптик кызматтарды калк арасында дагы кеңири жайылтуу үчүн ушундай чечим кабыл алынды. Бул токтом өлкөдөгү бардык коммерциялык банктарга тиешелүү. Которулган акчанын суммасы боюнча эч кандай чектөө жок, болгону коммерциялык банктарда 100-200 миң сомго чейинки чектөөлөр болушу мүмкүн. Ал коопсуздук үчүн буга чейин эле киргизилген. Бул токтом QR-коддорго да тиешелүү. Башкача айтканда, QR-код менен акча которууларда комиссия алынбашы керек. Мурункудай эле иштей берет," — деди Сыргатаев.
Ал акция банктардын ортосундагы атаандаштыкты күчөтөрүн кошумчалады.