Жалал-Абад шаарындагы №10 түзөтүү колониясы Базар-Коргонго көчүрүлдү

Sputnik
БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Базар-Коргон районунда №10 түзөтүү колониясы ачылды. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынан билдиришти.
Буга чейин мекеме Жалал-Абад шаарында эле, эки жыл мурун аны калаанын четине чыгаруу чечими кабыл алынган.
1 / 5

Базар-Коргон районунда №10 түзөтүү колониясы ачылды

2 / 5

Буга чейин мекеме Жалал-Абад шаарында эле, эки жыл мурун аны калаанын четине чыгаруу чечими кабыл алынган

3 / 5

Мекеме эмдиги жылы Беловодск айылында №16 мекеменин имараты реконструкцияланып ачыларын белгилеген

4 / 5

Анда дагы соттолгондор иштеп, киреше табышы үчүн чакан ишканалар уюштурулмакчы

5 / 5

Мындан тышкары, Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагын шаардын сыртына көчүрүүгө даярдыктар көрүлүүдө

"Аталган мекеме Бай-Кундуз айылында 13 гектар жерге жайгашып, 1 250 адамга ылайыкталган. Долбоор 2,9 миллиард долларга бааланууда. Колониянын аймагында соттолгондор иштей турган завод, тигүүчү цех жана наабайкана бар", — деп айтылат маалыматта.
Мекеме эмдиги жылы Беловодск айылында №16 мекеменин имараты реконструкцияланып ачыларын белгилеген. Анда дагы соттолгондор иштеп, киреше табышы үчүн чакан ишканалар уюштурулмакчы. Мындан тышкары, Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагын шаардын сыртына көчүрүүгө даярдыктар көрүлүүдө.
Түрмөдөгү эки адам үчүнчүсүн опузалап бир миллион сом талап кылган