БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Өзүнүн кызыкчылыгын мамлекеттикинен жогору коюп пара алгандар камалат. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев эскертти.
Ал 28-ноябрда УКМКнын Биринчи май жана Свердлов райондук бөлүмдөрүнүн жаңы имараттарын ачып жатып белгилегендей, атайын кызматтын арасында кылмыш кылгандар бар жана алар боюнча иликтөө жүрүүдө.
"Өз кызыкчылыгын ойлоп иштегендер бүгүн болбосо эртең билинет. Араңарда эки-үч кызматкер бар. Мындан бир жыл, алты ай мурда 6-башкармалыкта жасаган кылмыштары боюнча иликтөө жүрүүдө. Жакында баары чыгат. Мыйзам бузсаңар, пара алсаңар сөзсүз жоопко тартыласыңар, камаласыңар", — деди Ташиев.
Ошондой эле УКМК төрагасы чекисттерге кесиптештеринин мыйзам бузуу ниети бар болсо, жардам берип токтотууга чакырды.
УКМКнын жаңы имаратында аскер кызматкерлеринин жемиштүү иштеши үчүн бардык заманбап шарттар түзүлүп, керектүү жабдуулар орнотулган.