БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Жол чийинден өтүп бараткан кишини сүзүп алган айдоочу тез жардамды коштоп бара жатып каза болуп калган. Бул тууралуу Бишкек ШИИББден билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 28-ноябрь күнү Элебесов — Февраль көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
"Mercedes-Benz унаасынын 65 жаштагы айдоочусу жол чийинден 46 жаштагы жаранды сүзүп алган. Жабырлануучу ооруканага жеткирилген. Ал эми айдоочу өз унаасы менен тез жардамды коштоп бара жатып, Фрунзе жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинен каза болгон", — деп жазылган маалыматта.
Айдоочу эмне себептен каза болгону айтылган жок. Учурда экспертизалар дайындалып, тергөө жүрүп жатканы кошумчаланды.