БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Манас аба майданына барган жолду Бишкек мэриясына өткөрүү сунушталды. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Аталган жол учурда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин карамагында болуп, аны оңдоп-түзөөдө оперативдүүлүк болбой жатканы айтылган.
"Аэропортко алып баруучу жана Фучик көчөсү менен ЭМ-14 трассасын (Васильевский тракт) бойлой созулган жол шаарлардын ортосунда да, борбордун ичинде да кыймылды камсыз кылган маанилүү трасса болуп саналат. Жол Бишкек шаарынын, Чүй облусунун Сокулук жана Аламүдүн райондорунун административдик чектеринде жайгашкан. Бирок бул объектини натыйжалуу башкаруу үчүн бардык ыйгарым укуктарды жана ресурстарды жергиликтүү бийликтин деңгээлинде топтоо зарыл, бул чечимдерди ыкчам кабыл алууну жана жолдун абалын жакшыртууга түздөн-түз таасир этүүнү камсыз кылат", — деп жазылган токтомдун негиздемесинде.
Ошондой эле жылына жолду оңдоп-түзөп турууга республикалык бюджеттен 6 миллион 371 миң сом бөлүү каралганы белгиленген.