БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Саха Республикасынын башчысы (Якутия, Россия Федерациясы) Айсен Николаев иш сапары менен Кыргызстанга келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, аны "Манас" аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тосуп алды.
Иш сапардын алкагында Кыргызстандын жетекчилери менен жолугушуу, өлкөнүн маданий жерлери менен таанышуу, ошондой эле Бишкекте өтө турган мас-рестлинг боюнча VI дүйнөлүк чемпионаттын салтанаттуу ачылышына катышуу пландалууда.
Саха Республикасы (Якутия) — Россия Федерациясынын эң ири субъектиси. Экономикалык, маданий жана жаратылыш жагынан эң маанилүү аймактардын бири. Кыргыз Республикасы менен Саха Республикасы (Якутия) көп жылдык салттуу байланыштарга ээ.