БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Бишкекте 18 жаштагы жигит жаңы салынып жаткан үйдөн кулап каза болду. Бул тууралуу Октябрь райондук ИИБден билдиришти.
Маалым болгондой, ал бала курулушта иштеп жүргөн. Окуя 27-ноябрда саат 18:00дө болгон.
Кайсы курулуш компаниясынын имараты экени азырынча белгисиз.
Тийиштүү экспертизалар дайындалып, милиция териштирүү иштерин жүргүзүп жатканы кошумчаланды.