Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

АКШда Россиянын Батыш боюнча стратегиясы ийгиликтүү дешти

Sputnik
БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Россия Батышка Москва үчүн пайдалуу болгон чечимдерди кабыл алгыдай таасирин берип жатат. Мындай пикир америкалык CNN телеканалынын сюжетинде айтылгандыгын РИА Новости жазды.
"Кремль согуш талаасындагы кармаш менен катар эле Батышты өзүнүн эмес, россиялык көз караштан туруп ой жүгүрткөнгө мажбур кылууда", — деп Согушту иликтөө институтунун (ISW) анализинде айтылганын CNN кабарлаган.
Телеканал билдиргендей, бул отчеттун автору Катерина Степаненко Россиянын стратегиясы — душманды "жалган тандоо" ыкмасы менен өзүнүн кызыкчылыгына каршы келген чечимдерди кабыл алууга мажбурлоо. Анын айтымында, ушундан улам Батыш Киевге курал-жаракты кечиктирип берүүдө.
Дүйшөмбү күнү Ак үйдүн коопсуздук боюнча коорданатору Жон Кирби биринчилерден болуп Украинага алыска атылуучу ATACMS ракеталарын Курск облусуна жана анын жака-белине кое берүүгө уруксат берилгенин айтып, бул коргонуудан улам жаралды деген. Ошол эле күнү Пентагон менен Мамлекеттик департамент Ак үйдүн өкүлүнүн айтканына комментарий берүүдөн баш тарткан.
Россия президенти Владимир Путин мурдараак кайрылуу менен чыгып, Украина 19-ноябрда америкалык жана британиялык алыска атылуучу ATACMS, Storm Shadow ракеталарын колдонуп Курск менен Брянскиге чабуул койгондугун билдирген. Буга жооп кылган Россия 21-ноябрда орто аралыкка атылуучу "Орешник" ракета системасын сынап көргөнүн айткан. Сокку Днепропетровскидеги ракеталык техника өндүргөн ири өнөр жай комплексине урулуп, Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, ал максатына жеткен.
Москва Украинага курал-жарак жеткирүү менен Батыш мамлекеттери каршылашууну создуктуруп жатканын эскертип келет.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
РФ ТИМи: Россия АКШны Украинадагы кадамдарынан сестенгидей кылат