30-ноябрга карата аба ырайы

30-ноябрда өлкөнүн аймагында аба ырайы кескин өзгөрөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Ишембиде күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаап, айрым жерлерге туман түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй менен Ысык-Көл өрөөндөрүндө +4…+9, Талас аймагында +3…+8, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +6…+11, Нарын жергесинде 0…+5 градус жылуу болот.
Күндүн табы Бишкекте +5…+7, Ош шаарында +9…+11 градуска көтөрүлөт.
Кыштын кириши менен кар жаап, күн сууктайт