40 жашында дүйнөнү багындырган “Бөрү” — мушкер Алмаз Акундун спорттук карьерасы

Sputnik
90-жылдары Кыргызстанда ММА, панкратион федерациялары түптөлүп, көптөгөн спортчулар чыкты. Кыйын кезеңди өткөрүп, бир топ тоскоолдуктарга карабай эл аралык мелдештерде кыргызстандык мушкерлер өлкө намысын коргошту. Алардын катарында кармашып урушуу боюнча Кыргызстандын эмгек сиңирген спорттун чебери Алмаз Акун да болгон.
Грэпплинг, жиу-житсу, панкратион, ММА спортунун өкүлүнүн спорттогу өмүр жолу жана жетишкендиктери тууралуу “Спортбокс” программасында тааныштык.