Быйыл Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети сексен жылдык мааракесин белгиледи. Ошол эле учурда бул жогорку окуу жайдын курамындагы атайын педагогика жана психологиялык коррекция кафедрасы кырк жылдыгын белгиледи. Жогорудагы кафедранын өзгөчүлүгү мүмкүнчүлүгү чектелген, акыл эси артта калган балдар менен тыгыз иштеген адистерди даярдайт. Бул багыттагы адистер даярдоо учурунда кандай кыйынчылыктар болуп жатканы жөнүндө коомчулуктун басымдуу бөлүгүнүн кабары жок.
Мындан сырткары жогоруда айтылган балдар үчүн борбор калаада жана аймактарда атайын бала-бакча менен мектеп-интернаттардын санын көбөйтүүнүн зарылчылыгы тууралуу радио Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде талкуулайбыз.