Россия-Кыргызстан аскердик кызматташтыгынын жемиши жана келечекке болгон пландары

Sputnik
Буга чейин президент Садыр Жапаров ЖККУнун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетовду кабыл алган. Анда аскердик-саясий чөйрөдө кызматташууну жакшыртуу жана Кыргызстандын мамлекеттик органдары 2025-жылы ЖККУга төрагалыгынын алкагында карала турган артыкчылыктуу багыттары сөз болгон. Кыргызстан ЖККУнун төрагалыгына кандай даярдык көрүүдө, бул багыт боюнча кандай иштер жүрөт, КМШнын алкагында 2030-жылга чейин аскердик кызматташтык концепциясына эмнелер камтылган, Россия менен кызматташтыкта алдыга кандай пландары өңдүү бир катар суроолорубузга полковник Асхат Бейшенов жооп берди.