Дин комиссиясынын алдындагы Диний кырдаалды изилдөө борбору республикалык изилдөө жүргүздү. Анда максат өлкөдөгү диний кырдаалдын кандай экендигин билүү болгон. 1500дөн ашуун киши катышкан сурамжылоонун жана эксперттерден алган маектешүүнүн негизинде кыргызстандыктардын 80 пайыздан ашууну өлкөдө диний кырдаал туруктуу деп эсептээрин айткан. Бул көрсөткүчтөр кандай эсептелди? Суроолор кандай өңүттө берилди? Кимдер катышты? Изилдөө дагы кайсы багытты өзүнө камтыды?
Биз ушул жана башка суроолорубузга бүгүнкү “Күн башат” уктуруусунда жооп алабыз.