КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары 12-декабрда Москвага чогулат

Sputnik
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Россияда Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги өлкөлөрүнүн премьер-министрлеринин кеңеши өтөт. Бул тууралуу шериктештиктин уставдык жана башка органдарындагы РФтин туруктуу өкүлү Андрей Грозов билдирди.
"КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын кеңеши 12-декабрда Москвада болот", — деди ал журналисттерге Минскиде шериктештиктин туруктуу өкүлдөрүнүн жыйынынын алдында.
Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Астанага барды. Видео