БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. ЖККУ өлкөлөрү Экинчи дүйнөлүк согуш окуяларына баа берүүнү кайра карап чыгууну жана анын жыйынтыктарын текшерүү аракеттерин кескин айыптайт. Бул тууралуу уюмдун Жамааттык коопсуздук кеңешинин декларациясында айтылат.
ЖККУ мамлекеттери бардык өлкөлөрдү жана элдерди фашизмдин, нацизмдин жана неонацисттик идеологиянын көрүнүштөрүнө, нацизмди актоого жана даңазалоого, расалык, этникалык жана диний негиздеги сабырсыздыкты пропагандалоого каршы турууга чакырды.
“Нюрнбергдеги эл аралык аскер трибуналынын өкүмүндө белгиленген фашисттердин жана алардын шериктеринин аракеттери СССР элдеринин геноциди катары бааланышы керек. Тынчтык жана эркиндик үчүн күрөштө жанын берген Советтер Союзунун боордош республикаларынын миллиондогон жоокеринин, партизандарынын, ооруктагы эмгекчилеринин жана карапайым тургундарынын теңдешсиз эрдигин унутпоого чакырабыз", — деп айтылат документте.
Ошондой эле декларацияда 2025-жылы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгын өткөрүүнү ар тараптан колдоо маанилүү экенин айтышкан.