ЖККУ мамлекеттери Газадагы апаатты токтотууга чакырык салышты

Sputnik
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. ЖККУга мүчө мамлекеттер Газа тилкесиндеги азапты токтотууга чакырат. Бул туурасында Коопсуздук боюнча жамааттык уюмдун Кеңешинин декларациясында айылат.

"Биз Газа тилкесиндеги жана Ливандагы гуманитардык каатчылыкка жана жарандык олуттуу жоготууларды жаратып жаткан палестин-израиль кагылышынын улам от алып баратканына терең түйшөлүп турабыз. Газадагы жана жалпы аймактагы согуштарды улантпоого, гуманитардык жардамдын үзгүлтүксүз, коопсуз жеткирилишин камсыздоого жана куралдуу кагылыштын жайылып кетүү коркунучунан улам муну токтотууга чакырабыз", — деп айтылган анда.

ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчылары кырдаалды саясий-дипломатиялык жактан жөнгө салуу үчүн шарттарды түзүүнү белгилешкен. Аймактын бардык тургундары үчүн тынчтык, туруктуулук жана коопсуздукка жетишүү боюнча кадамдарды кеңири таштоо зарылдыгын айтышкан.
Казандагы БРИКС саммити
Тынчтык, коопсуздук. Путин Казандагы саммитте бир нече билдирүү жасады