"Ири үчтүктүн" жолугушуу идеясын Уинстон Черчилль менен Франклин Рузвельт сунуштаган. Ал эми өткөрө турган ордун Иосиф Сталин тандаган.
Коопсуздук чаралары кылдаттык менен көрүлгөндүгүнө карабай немец чалгыны америкалык деңиз аскерлеринин кодун окуп, сүйлөшүүлөрдүн мезгилин билип алган. Ал эми Адольф Гитлер Отто Скорцени башкарган согушчандар тобуна каршылаштардын жогору үч жетекчисинин көзүн тазалоого буйрук берген.
Бирок советтик чалгынчылар немецтик радисттерди адаштырып, анын натыйжасында каршылаштардын "Узун секирик" деп аталган операциясы ордунан чыкпай калган. Тегеранда фашисттик Германияны талкалоо боюнча жалпы стратегия кабыл алынып, союздаштар экинчи фронтту ачуу мөөнөтүн аташкан. Ушул эле жерде келечектеги Польшанын чектери менен Кёнигсбергге карай турчу жерлер аныкталган.
"Бул жакка үмүт артып жана чечкиндүүлүк менен келдик. Бул жерден максатыбыз, ниетибиз бир чыккан достордон болуп кетебиз", — деген сөздөр менен үч лидердин декларациясы жыйынтыкталган.
Тегеран конференциясы Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхындагы маанилүү окуялардын бири катары кала берди.