Көз жоосун алат! Ландшафттык сүрөт сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Эл аралык ландшафттык сүрөттөрдүн International Landscape Photographer of the Year 2024 сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Мыкты эмгектерди биздин сүрөт түрмөктөн көрүңүздөр.
Sputnik
Ландшафт сүрөттөрүнөн планетабызды адаттан тыш көз караш менен көрсөк болот. Калыстар тобу “Мыкты сүрөтчү” жана “Мыкты сүрөттөр” номинацияларынын ээлерин тандады, ошондой эле топтолгон упайлардын негизинде “101 мыкты ландшафттык сүрөт” аныкталды.
1 / 10

Канадалык Эндрю Мельзински Атакама чөлүндө Күндүн чыгышын тартып алып, биринчи орунду ээледи

2 / 10

Игнасио Паласиосанын (Австралия) “Жети түстүү тоолор” деген эмгеги экинчи орунга чыкты

3 / 10

“Суу алдында шыбырашкан бактар”. Румыниялык Георг Поп сүрөтүнө ушундай ат берип үчүнчү орунду алды.

4 / 10

“Жалгыз сүрөт” категориясында биринчи орун япониляык Рехэю Иринин “Жарыктын изи” деген эмгегине берилди

5 / 10

Экинчи орунду Юстинус Сукотьо (Индонезия) алды

6 / 10

Үчүнчү орун Химандри Бхуянуга (Индия) “Агым” деген эмгегине ыйгарылды

7 / 10

Алехандро Аресанын (Аргентина) сүрөтүндө Лос-Гласьярес улуттук паркында тоолор менен суукта тоңуп калган көл чагылдырылган

8 / 10

“Акыркы дюна” кадрын Бенжамин Баракат (Швейцария) кармап калган

9 / 10

Жаби Санзанын (Испания) таңгалдырган сүрөтү калыстар тобунун атайын сыйлыгына ээ болду

10 / 10

Көз жоосун алган түндүк жаркырагы менен метеорит жамгырын Федерико Делукки (Италия) тартып алган

Тема боюнча:
Андрей Стенин атындагы юбилейлик сынактын жеңүүчүлөрү белгилүү болду. Сүрөттөр