Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

РФ ТИМи: Россия АКШны Украинадагы кадамдарынан сестенгидей кылат

Москва Украинага курал-жарак жеткирүү менен Батыш мамлекеттери каршылашууну создуктуруп жатканын эскертип келет.
Sputnik
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. АКШ Украина жаңжалына аралашканынын кесепетин тартып, андан сестенгидей болот, Россия акыры буга жетет. Бул тууралуу РФ тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков айтканын РИА Новости жазды.
"Америкалык саясатчылар курал-жарагынын кайда качан колдонулары, каражаттарынын кайсы аралыкка атылары тууралуу сүйлөп жатышат. Ушунусу менен аталган тирешүүнүн катышуучусу болуп жатканын тастыкташууда. Алар муну так түшүнүшү керек", — деди дипломат.
Анын айтымында, буга чейин мындай жагдай Вашингтонду кооптондуруп турар эле.
"Азыр андай болгон жок. Бирок биз кайра сестенгидей кылабыз. Эсине келтиришибиз керек, биздин учурдагы аракеттерибиздин баары мына ушуга багытталган", — деди Рябков.
Эскерте кетсек, өткөн бейшемби күнү РФ президенти Владимир Путин россиялыктарга кайрылган. Өлкө башчы Москва Украинанын америкалык жана британиялык ATACMS жана Storm Shadow ракеталарын колдонуу менен Курск жана Брянск облустарына урган соккусуна жооп кылып орто аралыкка атылуучу "Орешник" ракета системасын сынап көргөнүн айткан. Сокку Днепропетровскидеги ракеталык техника өндүргөн ири өнөр жай комплексине урулуп, Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, ал максатына жеткен.
Москва Украинага курал-жарак жеткирүү менен Батыш мамлекеттери каршылашууну создуктуруп жатканын эскертип келет.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
CNN: Трампка кеңешчи боло турган Уолц Украина чырын токтотуу сунуштарын кароодо