БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Жамааттык коопсуздук жана кызматташуу келишими уюмундагы өз ара алака менен кызматташуу союздаштык мүнөзгө ээ. Бул туурасында Россиянын президенти Владимир Путин Астанада өтүп жаткан ЖККУга мүчө мамлекеттердин Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясында айтты.
"Кесиптештер адилеттүүлүк менен белгилегендей, биздин мамлекеттердин Жамааттык коопсуздук жана кызматташуу келишими уюмунун алкагында өз ара алакасы өтө зор мааниге ээ. Бул мамиле союздук мүнөзгө ээ болуп, достуктун, ынтымактуу коңшулуктун жана бири-бирибиздин кызыкчылыктарыбызды сыйлоонун принциптеринде түптөлгөн", — деди Путин.
РФ лидери сөзүнүн соңунда ЖККУ лидерлерин жана уюмга кирген өлкөлөрдүн аскер бөлүктөрүн Москвага Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата өтчү парадга чакырды.
Эске салсак, бүгүн Казакстандын борбор шаары Астанада ЖККУга мүчө мамлекеттердин Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясы өтүүдө. Иш-чарага Казакстандын, Кыргызстандын, Беларустун, Россиянын, Тажикстандын президенттери келди. Чакырылгандардын арасында КМШ менен ШКУнун баш катчылары дар бар.
Уюмга быйыл Казакстан жетекчилик кылууда, эми төрагалык Кыргызстанга өтөт.