Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путин Астанада атайын операция, курал жана аскерлердин биримдигине токтолду

Sputnik
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. РФ лидери Владимир Путин ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Астанада өтүп жаткан жыйынында атайын операциянын жүрүшү жана россиялык жаңы куралдар туурасында айтып берди.
Ал ар бир аскердик чатактын, анын ичинде атайын операциянын тагдыры согуш талаасында чечилерине, бардыгы жоокерлерге байланыштуу экендигине токтолгон.
"Эң негизгиси, заманбап курал-жарак менен болгон ар кандай согуштук кагылышуунун, кандайдыр бир аскердик кампаниянын, анын ичинде атайын аскердик операциянын тагдыры жерде, согуш талаасында чечилет. Акыры барып эле аскерге байланыштуу болот", — деген Путин кесиптештеринин алдында сүйлөп жатып.
Ал жоокерлердин жалпы дем-күчү, ишеними жана биримдиги туурасында айткан.
"Биздин жоокерлер кармашып, кан төгүлүп жаткандыгын жакшы түшүнүп турушат... Мекени үчүн, Россиянын жана балдарынын келечеги үчүн кармашып жатат. Андыктан Украинага кандай гана заманга бап келген куралдар жөнөтүлбөсүн, согуштагы кырдаалды өзгөртө албайт. Биздин армияда ар кыл улуттардан бар, бирөөлөр чокунса, дагы бир катарлары Алладан жардам сурайт, акырында баары чогулуп алып алдыга жүрүш жасашат, аларды эч ким токтото албайт", — деген ал.
Муну менен катар эле Путин кесиптештерине Россиянын жаңы аскердик куралдары туурасында да айтып берген. Россия жүзгө чукул ракетаны өлкө аймагына урулган соккуга жооп катары Украинага кое берип, алардын аскердик объектилери талкалагандыгын билдирген. Анын айтымында, Россия каршылаштардын Брянск, Курск облустарына багытталган алыска атылуучу ракеталарына жооп иретинде "Орешникти" сынады.
"Аскердик жана техникалык адистердин пикирине таянсак, тобу менен ракеталарды жапырт колдонуунун, тагыраагы, бир нечеси кое берилгендегисинин кубаты өзөктүк куралды колдонгонго барабар болот", — деди Путин.
Президент "Орешниктерди" сериялап чыгаруу башталгандыгын кошумчалаган. Путин жакында Россиянын башка кубаттуу куралдары пайда болушу мүмкүндүгүн, ал эми Х-101 ракетасы Storm Shadow, SCALP жана Taurus кураларынын аналогу экендигин белгилеген.
Путин "Орешник" комплексин сыноо уланарын жар салды