БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Тартип бузган мас адамдарды мажбурлап медициналык мекемеге жеткирүүгө уруксат берүү сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоорун Юстиция министрлиги коомдук талкууга чыгарды.
Документте айланасындагыларга коркунуч туудурса жана тура албай калса наркологиялык жардам көрсөтүү үчүн мажбурлап жеткирүүгө болору жазылган.
"Мыйзам боюнча, "жүрүм-туруму бузулгандарды" макулдугусуз стационарларга жеткирсе болот. Адатта мындай абалга адамдар алкоголь ичкенде, баңгизат колдонгондо дагы туш келишет. Ушундайларды айрым учурларда стационарга алып барууга болот, бирок бул норма иштебейт. Анткени укук коргоо органдарынын тиешелүү укугу жок", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле мыйзам долбоорунда мажбурлап жеткирилгенден кийин тиешелүү протокол түзүлүшү керектиги айтылган.
Буга чейин ИИМге мастарды кармоого жана атайын жайларга алып барууга укук берүү сунушталган. Бул жайларды уюштуруу жергиликтүү бийликке милдеттендирилген.