БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Астанада ЖККУнун уставдык органдары: ТИМ башчылары, коргоо министрлери жана ЖККУнун Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын комитетинин жыйыны өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматта жыйында КР ТИМинин башчысы Жээнбек Кулубаев 2025-жылдагы Кыргызстандын ЖККУдагы төрагалыгынын артыкчылыктуу багыттары тууралуу маалымат берди.
Биргелешкен жыйында мүчө өлкөлөрдүн ТИМ башчыларынын Жеңиштин 80 жылдыгын белгилөө, Афганстандагы абал, ошондой эле ЖККУнун БУУнун Башкы Ассамблеясынын байкоочусу болгонунун 20 жылдыгы боюнча биргелешкен билдирүүсү кабыл алынды.
Буга катар ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясында мүчө мамлекеттердин саясий жана аскердик кызматташтыгын өнүктүрүү, уюмдун ишмердүүлүгүн финансылык, экономикалык жана укуктук камсыздоо боюнча чечимдердин долбоорлору бекитилген.