Жапаров ЖККУ жыйынында: кырдаал күч-аракеттерди бириктирүүнү талап кылат

ЖККУнун төрагалыгы 2025-жылы Казакстандан Кыргызстанга өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Дүйнөдөгү кырдаал тынчтыкты жана туруктуулукту сактоодо да күч-аракеттерди бириктирүүнү талап кылат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Астанадагы ЖККУнун саммитинде билдирди.
Президенттин маалымат кызматынан билдиришкендей, жыйында эл аралык жана регионалдык коопсуздук, ошондой эле ЖККУнун сессиялар аралык мезгилдеги ишмердүүлүгүнүн негизги жыйынтыктары талкууланды.
"Дүйнөдөгү жана региондогу кырдаалдын курчушу коопсуздук коркунучтары менен күрөшүүдө гана эмес, тынчтыкты жана туруктуулукту сактоодо да күч-аракеттерди бириктирүүнү талап кылат. Буга байланыштуу Жамааттык коопсуздук кеңешинин "ЖККУ алкагында союздаштык мамилелерди мындан ары чыңдоо жөнүндө" чечими кызматташтыкты союздаштыктын духунда мындан ары курууга болгон жалпы умтулууну айгинелейт", — деген өлкө башчы.
Жапаров глобалдык геосаясий өзгөрүүлөрдүн фонунда тынчтыкты, эл аралык жана регионалдык коопсуздукту сактоо боюнча ЖККУга мүчө мамлекеттердин өз ара тыгыз аракеттенүүсү зарыл экенин айтты. Ал биргелешкен аракеттер менен уюмдун потенциалын бекемдөө ишинде олуттуу натыйжаларга жетишүүгө болорун баса белгиледи.
ЖККУнун төрагалыгы 2025-жылы Казакстандан Кыргызстанга өтөт.
Астанада ЖККУ саммитин Касым-Жомарт Токаев баштап берди