БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Ош шаарында Санкт-Петербург менен боордоштук байланыштын 20 жылдыгына арналган иш-чаралар башталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Иш-чаранын алкагында "Алымбек датка" этнографиялык комплексинде Санкт-Петербургдун мыкты кооз жерлерин чагылдырган үч күндүк сүрөт көргөзмө ачылды.
Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов менен Санкт-Петербург делегациясынын жолугушуусунда эки шаардын ортосундагы байланыштарды өнүктүрүү маселелери талкууланып, боордоштук мамилелерди бекемдөө зарылдыгы белгиленди.
Жолугушуунун жыйынтыгында Санкт-Петербургдун өкмөтү менен Ош шаарынын мэриясынын ортосунда 2024-2028-жылдарга соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык программасына кол коюлду. Ал транспорт, коммуналдык чарба, санариптештирүү, социалдык саясат, туризм жана экология сыяктуу бир нече тармакты камтыйт.
Ошондой эле Санкт-Петербург ансамблинин концерти жана бир катар маданий иш-чаралар өткөрүлөрү кошумчаланды.