БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Евразиялык өнүктүрүү банкынын (ЕАӨБ) Санарип технологиялар фонду быйыл 7 долбоорду колдоду. Бул тууралуу ЕАӨБ башкармалыгынын төрагасынын орун басары, аталган фонддун куратору Тигран Саркисян айтып берди.
Ал Sputnik агенттигинин маалымат борборунда өткөн "ЕАЭБ өлкөлөрүнүн санарип долбоорлору" аталышындагы иш-чарага катышкан.
"Ишке аша баштаган жаңы долбоорлорду тизмектесем, 2024-жыл жемиштүү болду. Анткени биз 7 долбоорду ишке бердик", — деди Саркисян.
Тизме:
Казакстандын улуттук санариптик инвестициялык платформасы (Казакстан Республикасынын өкмөтүнүн өтүнүчү боюнча ишке ашырылат);
Кыргызстандын транспорт каражаттарынын электрондук паспорттору системасы;
Армениянын транспорт каражаттарынын электрондук паспорттору системасы;
Казакстанда телерадиоберүү тармагындагы тобокелдиктерди башкаруунун программалык-аппараттык системасы;
GovStack эл аралык долбоору (Эл аралык электр байланышы биримдиги менен бирге);
"Импульс" билим берүү системасы;
ATTILAN эл аралык телереабилитациялык платформасы.