Иши жок жүргөн 3000 киши акы алып, кесиптик жөндөмүн жакшырта алат. Тизме

Sputnik
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Өлкөнүн сегиз шаары жана 22 районунун жаштарын иш менен камсыз кылууга багытталган пилоттук долбоор башталды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, өлкөдө 22 миңден ашык жумушсуз катталган, анын 56 пайыздан көбү — жаштар.
"Пилоттук программа алкагында 3000дей адам практика өтүп, кесиптик көндүмдөрүн жакшыртат жана кыска мөөнөттүү окутууга катышат. Стажировкадан өткөндөр ай сайын 8 600 сом өлчөмүндө стипендия алышат. Программанын жалпы мөөнөтү алты айдан ашпайт. Учурда 150дөн ашык уюм жана компания жаштарды стажировкага кабыл алууга даяр экенин билдирип, 1000ден ашык орун сунушташты", — деп айтылат маалыматта.
Катышууну каалагандар министрликтин тизмедеги бөлүмдөрүнө кайрылуусу керек:
Баткен, Бишкек, Жалал-Абад, Каракол, Нарын, Ош, Талас, Токмок шаарлары.
Чүй облусу:
Аламүдүн, Жайыл, Москва, Сокулук, Ысык-Ата, Чүй райондору.
Талас облусу:
Айтматов, Бакай-Ата, Талас району.
Ысык-Көл облусу:
Жети-Өгүз, Ысык-Көл райондору.
Нарын облусу:
Кочкор, Нарын райондору.
Жалал-Абад облусу:
Базар-Коргон, Ноокен, Сузак райондору.
Ош облусу:
Араван, Ноокат, Кара-Суу, Өзгөн райондору.
Баткен облусу:
Баткен, Кадамжай райондору.
Өлкөдө жумушсуз деп катталгандардын саны 6 айда 17 миңге азайды