БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Бишкек мэриясы электросамокат менен жүргөндөргө бир катар талап иштеп чыкты. Токтомдун долбоору коомдук талкууга коюлду.
Муниципалитет төмөндөгүдөй эрежелерди орнотууга ниеттенүүдө:
электросамокатчандар веложол менен гана жүрүш керек, тротуарга эч ким жокто чыкса болот;
жолду кесип өтүп жатканда самокаттан түшүп, жөө өтүү керек;
шаарда эң тез жүрүүгө уруксат берилген ылдамдык — саатына 25 чакырым, турак жайларда жана короолордо — 20 чакырым, эл көп чогулган жерлерде — саатына 5-10 чакырым;
башка шлем кийип, бир самокат менен бир гана киши жүрүш керек;
электросамокаттар атайын токтотула турчу жерге коюлушу шарт. Ойду-келди таштап салганга болбойт.
Ошондой эле мэрия скутерлерди ижарага берген компанияларга бир катар талаптарды киргизүүнү сунуштоодо. Мисалы, алар самокаттарды бат-бат текшерип, камсыздандыруу келишимдерин түзүүгө милдеттүү болот.