БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Астанада Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун саммити өтүп жатат.
Саммит алдында уюмга мүчө мамлекеттер: Беларусь, Кыргызстан, Казакстан, Россия жана Тажикстандын президенттери чогуу сүрөткө түштү.
Иш-чарага төрагалык кылып жаткан Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бул мезгил аралыгында ЖККУнун алдына коюлган бардык тапшырмалар аткарылганын белгиледи.
"ЖККУ — бул жөн гана аскердик өнөктөштүк эмес, бул мамлекеттерибиздин көз карандысыздыгын жана аймактык бүтүндүгүн коргоо үчүн ресурстар менен аракеттерибизди бириктирүүчү уникалдуу механизм. Казакстан төрага катары бардык аракетин өлкөлөрдүн өз ара кызматташуусун арттырууга, чукул кырдаалдарга ыкчам чара көрүү механизмдерин бекемдөөгө жана террорчулук, киберчабуул, трансулуттук кылмыштуулук жана баңгизаттын мыйзамсыз жүгүртүлүшү сыяктуу бүгүнкү күндүн кооптуулуктарына каршы күрөшүүдө уюмдун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө басым жасады. Казакстан төрагалык кылган мезгилде ЖККУ алдына койгон максаттарынын баарына жетти", — деди Токаев сессиянын ачылышында.
Саммиттин жыйынтыгы менен декларация кабыл алынып, саясий жана аскердик кызматташууга тиешелүү бир катар документтерге кол коюлары пландалууда.
Казакстан эстафетаны Кыргызстанга өткөрүп берет.