Астанадагы ЖККУ саммитинин жыйынтыгы боюнча кол коюлган документтер. Тизме

Sputnik
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Астанада өткөн ЖККУ жыйынынын соңу менен бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Уюмга мүчө Кыргызстан, Беларусь, Казакстан, Россия, Тажикстандын мамлекет башчылары төмөнкү документтерге кол коюшту:
ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин декларациясы;
"ЖККУнун алкагында союздаштык мамилелерди мындан ары чыңдоо жөнүндө" ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин чечими;
2015-жылдын 15-сентябрындагы ЖККУга мүчө мамлекеттердин аскердик жана башка түзүлүштөрдү, алардын кыймылдуу мүлкүн, ошондой эле аскердик багыттагы продукцияларды ташуу жаатындагы кызматташтыгы жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол;
2010-жылдын 10-декабрындагы ЖККУнун Жамааттык коопсуздук тутумунун күчтөрүнүн жана каражаттарынын түзүмдөрүнүн статусу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол;
ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына байланыштуу билдирүүсү;
"ЖККУнун тажик-афган чек арасын бекемдөө боюнча мамлекеттер аралык максаттуу программасы тууралуу" ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин чечими;
"Жамааттык коопсуздуктун Борбордук Азия регионунда тез жайылтуучу жамааттык күчтөрдү жабдууга сунушталган курал-жарактын, аскердик жана атайын техниканын типтүү заманбап жана келечектүү үлгүлөрүнүн тизмеси жөнүндө" ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин чечими;
"1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгын майрамдоо боюнча иш-чаралардын планы жөнүндө" ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин чечими;
"ЖККУнун органдарынын жол-жоболорунун эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин чечими;
"ЖККУнун сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө" ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин чечими;
"ЖККУнун 2023-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет тууралуу" ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин чечими;
"ЖККУнун 2024-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин чечими;
"ЖККУнун 2025-жылга бюджети жөнүндө" ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин чечими;
"ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясын өткөрүү убактысы жана орду, уюмда төрагалык кылуу жөнүндө" ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин протоколдук чечими.
Жапаров ЖККУ жыйынында: кырдаал күч-аракеттерди бириктирүүнү талап кылат