Адамдардын ден соолугуна зыян келтире турган мал ооруларына: шарп, күйдүргү, кутурма, эхинококкоз, күл, бруцеллез жана кара тумоого (чума) каршы эмдөө бекер жүргүзүлөт. Ал эми ветеринардын көрсөткөн кызмат акысын малдын ээси бериши керек. Бул тууралуу Адилет Сотовалдиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, дары сатып алууга республикалык бюджеттен 261 миллион сом бөлүнгөн.
"Мамлекеттик токтомдун алкагында адамдардын ден соолугуна зыян келтире турган мал оорулары: шарп, күл, кутурма, эхинококкоз, бруцеллез ылаңдарына каршы эмдөө бекер жүргүзүлөт. Бирок ветеринардын көрсөткөн кызмат акысын малдын ээси бериши керек. Анткени аларга өкмөт тарабынан эмгек акы төлөнбөйт. Негизинен эмдөө учурунда мал эттүүрөөк болгону жакшы. Вакцина ошондо гана жардам берип, натыйжалуу болот. Ал эми арык малдын организми антителону иштете албай калышы ыктымал. Ошондуктан дары натыйжалуу болсун десек, мал ээси жоопкерчиликти алып, анын жем-чөбүнө көңүл бурушу керек. Тилекке каршы, бизде андай эмес. Малды эптеп кыштан чыгарсак дейбиз. Ошол себептен жазында өтө арыктап кетет. Муну алардын тоютун туура даяроо менен алдын алсак болот. Кыргызстан тоолуу өлкө болгондуктан жашоо шартыбызга байланыштуу массалык эмдөө күз жана жаз мезгилдеринде жүргүзүлөт. Вакцина берип гана тим болбойбуз. Малдан кайрадан кан алынып, дарынын сапаты, тийгизген таасири, иммунитети кандай иштеп чыкканы текшерилет", — деди Сотовалдиев.
Ал, мындан тышкары, малдан эл аралык соодага таасирин тийгизүүчү дарттар катталбаганын кошумчалады.