БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Борбор калаада вице-мэр Азамат Кадыров Санкт-Петербургдан келген делегация менен жолукканын муниципалитеттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Топту Санкт-Петербург өкмөтүнүн тышкы байланыштар боюнча комитетинин башчысынын орун басары Евгений Кассюра жетектеп келген.
Негизинен эки калаанын кызматташуусун арттыруу, маданий, экономикалык жана билим берүү жаатындагы алаканы бекемдөө боюнча сүйлөшүү жүргөн. Тараптар өнөктөштүк мамиленин тарыхый маанилүүлүгүн белгилеп, активдүү диалогду калыбына келтирүү эки шаардын өнүгүшүн шарттай турганын айтышкан. Кассюра педагогикалык тажрыйбаны алмашууну арттырып, Бишкек менен Санкт-Петербургдун мектептеринин ортосунда диалог түзүүгө даяр экенин билдирди.