БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Астанада өткөн ЖККУга мүчө мамлекеттердин Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясында РФ лидери Владимир Путиндин сүйлөгөн сөздөрүнүн урунттуу жерлерин окурмандарга сунуштайбыз.
Анда РФ президенти төмөнкү учурларга токтолду:
ЖККУнун алкагындагы мамиле союздук мүнөзгө ээ. Ал ынтымактуу коңшулуктун жана өлкөлөрдүн бири-биринин кызыкчылыктарын сыйлоонун негизинде курулган;
Киевге алыскы аралыкка учкан ракеталар менен сокку урууга уруксат берүү Батыштын жаңжалга түздөн-түз кийлигишүүсүн билдирерин Россия бир нече жолу айткан;
Москва Украинага Батыштан канча курал-жарак жеткирилгенин, дагы канчаны жеткирүү пландалып жатканын билет;
Коргоо министрлиги менен Башкы штаб Украинанын аймагында кайсы жерлерге сокку урууга болорун карап жатат. Бул Киевдин чечимдер кабыл алынган борборлору болушу мүмкүн;
"Орешник" ракеталарынын массалык түрдө пайдаланылышынын кубаты өзөктүк куралды колдонууга тете;
Брянск жана Курск облустарына ракеталык чабуул жасалгандан кийин Россия жооп катары "Орешникти" сыноого аргасыз болгон;
Россияда колдонууга даяр бир нече "Орешник" ракеталык комплекси бар, система массалык түрдө чыгарыла баштады;
Россия өз аймагына уланып жаткан чабуулдарга жооп катары Украинадагы аскердик буталарга 100 ракета менен сокку урду.