29-ноябрга карата аба ырайы

29-ноябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Жума күнү күндүз Баткен облусунун айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорго кар жаап, калган аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +13…+18, Талас аймагында +12…+17, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +15…+20, Ысык-Көл өрөөнүндө +5...+10, Нарын жергесинде +1…+6 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +15…+17, Ош шаарында +17…+19 градуска чейин көтөрүлөрү болжолдонду.
Кыштын кириши менен кар жаап, күн сууктайт