Өлкөдө бир нече жылдан бери CASA-1000 аттуу ири долбоордун курулушу жүрүп келген. Кыргызстан, Тажикстан, Афганстан жана Пакистандын энергетикалык системаларын бириктирген долбоор энергетика жаатында Кыргызстанга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берери айтылган. Төрт өлкөнү камтыган CASA-1000 долбоорунун Кыргызстандагы бөлүгү курулуп бүттү. “Күн башат” программасынын алкагында аталган долбоордун курулуш иштери жана өлкө экономикасына тийгизген таасири тууралуу кеп кылдык.
Биздин суроолорубузга «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын CASA-1000 долбоорун ишке ашыруу боюнча тобунун жетекчиси Акылбек Түмөнбаев жооп берди.