Токтогул суу сактагычына күндөн энергия алган эки калкыма станция курулат

Sputnik
БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Токтогул суу сактагычына күн менен иштеген эки калкыма электр станциясы курулат. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.
Министр Таалайбек Ибраевдин Германияга болгон сапарында үч компания менен макулдашууга кол койгон.
Станциялардын кубаттуулугу — 612 мегаватт. Курулуш иштери төрт жылга созулары айтылды.
"Долбоордун максаты өлкөнүн жашыл энергетика долбоорлоруна инвестицияларды тартуу, электр энергиясын импорттоодон көз карандылыкты кыскартуу, энергетикалык коопсуздугун жана көз каранды эместигин бекемдөө болуп саналат", — деп айтылат маалыматта.
Чүй облусундагы Шамшы суусуна чакан ГЭС курулат. РКӨФ ага каражат бөлөт