БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Израилдин жүргүзгөн саясатынан улам Жакынкы Чыгыштагы жаңжал он миңдеген адамдын өмүрүн алып, коңшу мамлекеттерге жайылып кетти. Мындан улам абал оңолбой, жөнгө салуу аракеттери кетенчиктеп жатат. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров маек куруп жатып айтканын РИА Новости жазды.
"Жакынкы Чыгыштагы чыр басаңдабай артка кетип жатат. Палестин-израиль тиреши он миңдеген адамдын өмүрүн алды. Куралдуу кагылышуу Ливан жана башка кошуна өлкөлөргө жайылып кетти. Мунун баары Израилдин агрессиялуу жана милитаристтик саясаты менен АКШнын БУУ Коопсуздук кеңешинин консенсустук чечимдерин садага чаап, ортомчулук функцияга өзү жалгыз ээ болууга умтулуусунун натыйжасы", — деген ал.
Министр Израилдин башка мамлекеттерге коркунуч туудуруу менен өзүнүн коопсуздугун камсыздоо ниети өтө опурталдуу экенин белгилеген. Лавров апааттуу жаңжалдын кесепети ислам дүйнөсүнүн Израилге болгон мамилесин кыйла суута турганын эскертти.
"Жакынкы Чыгыштагы абалды жакшыртуунун ачкычы Израиль менен Палестина тирешип жаткан аймактагы кырдаалды жөнгө салууда. Муну баары түшүнүп турат, бирок БУУнун Коопсуздук кеңешинде Газа секторундагы ок атууну токтотуу боюнча кабыл алынган резолюцияга АКШ улам бөгөт коюп келет", — деди дипломат.
Лавров тынчтык орнотууда океандын ары жагынан туруп шартын таңуулаган тараптардын эмес, биринчи кезекте региондогу мамлекеттердин пикири, кызыкчылыгы эске алынышы керектигин белгиледи.