Путин менен Токаев стратегиялык кызматташуу боюнча биргелешкен билдирүүгө кол койду

Бүгүн РФ президенти Казакстанга мамлекеттик сапар менен келди.
Sputnik
БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Россия менен Казакстандын лидерлери Владимир Путин жана Касым-Жомарт Токаев Астанадагы сүйлөшүүлөрдөн соң глобалдык тартиптеги стратегиялык кызматташууну тереңдетүү боюнча биргелешкен билдирүүгө кол коюшту. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Жолугушуу жогорку деңгээлде "Акорда" резиденциясында өттү. Лидерлер алгач тар чөйрөдө, андан кийин эки өлкөнүн делегацияларынын катышуусунда кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Путин өлкөлөрдүн ортосундагы мамиле эң мыкты жаатта бара жатканын белгиледи. Ал ошондой эле Россия Казакстандын эң ири соода-экономикалык өнөктөшү бойдон каларын, былтыр соода жүгүртүү 28,5 миллиард долларга жеткенин кошумчалады. Мындан тышкары, РФ президенти жарандык коом, билим берүү жана илим, аймактар аралык кызматташуудагы гуманитардык байланышты бекемдөө үстүндө экенин айтты.
Токаев Москва менен Астананын мамилеси күн сайын бекемделип жатканын билдирди. Ал мындай кызматташууну токтотпостон, өлкөлөр ортосундагы сооданы мындан да жакшыртып, инвестициялык кызматташууну мындан дагы арттыруу зарылдыгын айтты.
Путин Токаевди Санкт-Петербургга КМШнын алкагында жана Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган бейформал жолугушууга чакырды.
Эске салсак, бүгүн Путин Казакстанга мамлекеттик сапар менен келген.
Путин мамлекеттик сапар менен Казакстанга келди. Видео