Путин мамлекеттик сапар менен Казакстанга келди. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Россиянын лидери Владимир Путин Казакстанга мамлекеттик сапар менен келди. Бул туурасында Кремль билдирди.
Астанада Казакстан менен Россиянын президенттери Путин жана Касым-Жомарт Токаев жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрөрү айтылды. Алар эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнү, Казакстандын ЖККУга быйылкы төрагалыгын, Россиянын КМШ жана БРИКСтеги төрагалыгын талкуулашмакчы.
Эртең Токаевдин жетекчилиги менен ЖККУнун Коопсуздук кеңешинин отуруму болуп, ага Казакстан, Кыргызстан, Беларусь менен Тажикстандын лидерлери катышат.
Уюмга мүчө өлкөлөр эл аралык коопсуздук маселелерин талкуулашат. Андан соң бир катар маанилүү документтерге кол коюлмакчы.
Путин КМШдагы кырдаалды курчутууга жол бербөөгө чакырды