БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Ошто түн жамынып психотроптук дарыларды сатып жүргөн жубайлар туугандары менен кошо кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2-октябрда Ош шаарында 29 жана 25 жаштагы жубайлар күчтүү таасир берүүчү дары сатып жаткан жеринен кармалган. Шектүүлөр дары каражаттарын Honda Stepwgn унаасы менен түн катып соодалап жүрүшкөн.
Бул кылмыштуу ишке үй-бүлөнүн 54 жаштагы апасы, 32 жана 29 жаштагы эки уулу, 25 жаштагы келини, 43 жаштагы тууганы жана анын 47 жаштагы күйөөсү аралашканы айтылган. Алар тыюу салынган заттарды чет өлкөдөн ири көлөмдө ташып келип, "соодагерлерге" таратып келишкен.
Шектүүлөрдүн үй-жайын тинтүү учурунда 8 миңден ашуун психотроптук дары каражаттары табылган.
Жалпысынан дүң баасы 1 миллион сомдук, чекене баасы 3 миллион 685 миң сомдук товарлар алынганы кошумчаланды.