БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги дагы бир тик учак сатып алууну пландап жатат. Бул тууралуу ӨКМ жетекчисинин орун басары Азамат Мамбетов Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.
Ал учурда министрликтин ээлигинде үч тик учак барын, бирөө МИ-8 экенин эске салган.
"Аба кемесин сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Азыр бир нерсе айтууга эрте. Бирок сүйлөшүүлөр оңунан чыкса кийинки жылы дагы бир тик учак сатып алабыз", — деди Мамбетов.
Адис жыл аягына чейин ӨКМ кошумча атайын техника аларын белгиледи.
"Техниканы Дүйнөлүк банктын жардамы менен 8-9 миллион долларга алабыз. Негизинен бул экскаваторлор, бульдозерлор, жээкти бекемдөөчү техникалар болот. Жалпы жонунан 70-80 машина аларыбыз пландалып жатат", — деди Мамбетов.