БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин салтка айлангандай КМШ лидерлери менен Санкт-Петербургда 24-декабрда жолугушуп, эртеси ЕАЭБдин жыйынын өткөрөт. Бул тууралуу президенттин жардамчысы Юрий Ушаковго шилтеме кылып РИА Новости жазды.
"Көп жылдардан бери салт болуп калган декабрдын аягындагы жолугушуу 24-декабрда өтөт. Быйыл КМШ өлкөлөрүнүн лидерлеринин достук кездешүүсү Санкт-Петербургда болот. Кандайдыр бир документтерге кол коюу пландалган жок", — деди Ушаков.
Ал ошол эле Санкт-Петербургда 25-декабрь күнү Евразиялык экономикалык биримдиктин жогорку деңгээлдеги жыйыны болорун белгиледи.
"Быйылкы жылдагы экинчи жана армян тараптын өтүнүчү боюнча дагы бир жолугушуу Россиянын аймагында уюштурулуп жатат. Жыйынга Армениянын премьер-министри Никол Пашинян төрагалык кылат", — деди президенттин жардамчысы.
Ал эки жолугушууга тең чакыруулар жөнөтүлгөнүн белгиледи.