БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева ыш менен күрөштү күчөтүү зарылдыгын айтты.
Ал белгилегендей, учурда борбор калаадагы ыш боюнча абал абдан татаал.
"1952-жылы Лондондо 13 миңге жакын адам ыштан көз жумган. Азыр биздин калаадагы абалды караңызчы. Дем ала албайт адам. Ушул ыштын маселесин Коопсуздук кеңешинде айтып, малекеттик органдар, ЖМК менен көйгөйдү көтөрүү керек. Силердин ушул багытта коңгуроо какканыңарды көргөн жокмун. Ыш эмне деген гана ооруларды козгоп, күчөтүүдө. Алдын алуучу иш-чара уюштурбайсыңарбы. Эмнеге кайдыгер болуп жатасыңар?" — деп суроо салды Талиева.
Буга саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев түтүндүн таасири боюнча эки жылдан бери изилдөө жүрүп жатканын белгиледи. Ал ошондой эле ыш респиратордук оорулардын күч алышына таасир этип жатканын, бул багытта мамлекеттик программа боюнча иш жүрүп жатканын кошумчалады.
"Бул боюнча сиз коңгуроо кагып, маселени Коопсуздук кеңешине алып чыгышыңыз керек. Биз Жогорку Кеңеште 2025-жылда ыш менен күрөшүү, экология жылы дейбизби, айтор, аракет кылбасак абалыбыз оор. Мындай кете турган болсок кары-картаңдарды оорутуп алабыз", — деди эл өкүлү.
Ал ошондой эле ыш менен күрөштөн каражат аяп жатып, дарыланууга чыгым болорубузду белгиледи.