БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда 4-4,5 миң сом пенсия алгандар бар. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев билдирди.
Учурда парламентте Социалдык фонд 2023-жылдагы бюджетинин аткарылышы боюнча отчет берип жатат. Эл өкүлү өлкөдөгү минималдуу пенсия канча экенин сурады.
Социалдык фонддун башкаруучулугунун төрагасы Бактияр Алиев 1-октябрдан тартып минималдуу пенсия 6,9 миң сомду түзөрүн айтты.
"Андан төмөн пенсия жокпу? 4 миң, 4,5 миңден алып жаткандар бар да", — деп тактады эл өкүлү.
Алиев психиатриялык диспансердегилерге, абактагыларга жана III топтогу майыптарга пенсиянын базалык бөлүгү төлөнбөй турганын белгиледи. Анын айтымында, эркиндикке чыккандарга жана III топтогу майыптарга пенсиялык куракка жеткенде базалык бөлүк төлөнө баштайт.