Санкт-Петербургдан келген делегация блокадачылардын эстелигине гүл койду

Sputnik
БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Бишкектеги "Ленинград блокадасы" мемориалдык комплексине гүл коюу аземи болду. Бул тууралуу Ленинград блокадачыларынын кыргыз коомунан билдиришти.
Иш-чарага Санкт-Петербургдан өкмөттүк делегациянын өкүлдөрү катышты.
Эске салсак, Кыргызстанга Россиянын түндүк борборунан делегация келген. Алар Бишкектен Ошко жөнөп кетишет. Сапар Санкт-Петербург менен Кыргызстандын өкмөтү, Оштун ортосундагы өнөктөштүктүн 20 жылдыгына карата уюштурулууда.
Бишкекте Ата Мекендик согуштун 5 эстелигин калыбына келтирүү пландалууда